Ссылки доступа

Тажикстанда президенттин катышуусу менен ачылган завод кардарларын таба элек (видео)


«Элегант-Бальжуван» заводунун ачылыгы. Август 2019-жыл

Тажикстандын Балжуван районундагы ташты кайра өндүрүүчү «Элегант-Бальжуван» заводу күтүлгөндөй натыйжа бере элек. 2019-жылы президенттин катышуусу менен ачылган ишкана айылдарды индустрализациялоонун үлгүсү болору айтылган.

Бирок бүгүнкү күндө завод жергиликтүү сырье менен иштей албастыгы аныкталып, керектүү таштар Согди облусунан алып келинүүдө.

Балжуван районун башчысы Шерали Жалилзоданын айтымында, транспорттук чыгымдар бир аз көбөйгөнү болбосо, сырьенун башка аймактан ташылып жатканы өтө деле маанилүү эмес: «Айырмасы жок, таштар Согди, Хатлон облустарынан, Тоолуу Бадахшан автоном облусунан алып келинүүдө. Башкысы сырье чет өлкөдөн алынган жок».

Заманбап жабдуулардын бар экенине карабастан, ташты кайра иштетүүчү завод жергиликтүү сырьедон каптама материалдарды өндүрө алган эмес. Аймактагы таш морт болуп, андан жасалган продукция өз кардарларын таба элек.

«Декоративдик таштар өндүрүлгөн, завод азыр сатып алуучуларды издеп жатат. Өндүрүш иштери уланууда, кардар табылат», — деди район башчысы.

Отделочные камни Бальджувана не пользуются спросом
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

«Элегант-Бальжуван» заводу 2019-жылы президент Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылган. Анда жаңы завод жергиликтүү сырье менен иштеп, жасалга жана декоративдик таштарды өндүрө турганы кабарланган. Мындан тышкары ишкананын ишке кириши менен райондун 20 тургуну жумуш менен камсыз болору айтылган.

Балжуван районунун Статистика башкармалыгынын башчысы Сайфиддин Мирзоев бүгүнкү күндө «Элегант-Балжуван» ишканасында үч киши иштеп жатканын билдирди. «Заводдун иши сезонго байланыштуу. Кышкысын ал иштебейт», — деп кошумчалады ал.

Бул Тажикстанда президенттин катышуусунда ачылышы болуп, бирок күтүлгөн натыйжа бербеген же көп өтпөй ишмердүүлүгүн токтоткон алгачкы ишкана эмес.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG