Ссылки доступа

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Акындар ааламдын элчиси. (видео)

- Кыргызстанда коронавирусту жугузгандар көбөйдү. (видео)

- Көркоолор күчүн кресттен чыгарды. Ысык-Көл районунда православ христиандарынын мүрзөсүндө 12 эстелик жана кресттер талкаланган окуя катталды. Православдар буга бийликтин көңүл буруусун суранып жатышат. Райондук милиция окуя боюнча иш козгоп, шектүүлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Окуя 5-мартка караган түнү болгон. (видео)

- Ападан кызга берилген саймалуу кат. Бишкекте туш кийиз философиясына арналган көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргыз аялдары сайган туш кийиздин кыз-келиндердин тагдырындагы орду жана мааниси камтылган. Көргөзмөнүн башкы максаты - эне менен кыздын мамилесин чыңдоо, аялдарды зомбулуктан сактоо. (видео)

- Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы Кыргызстан конституциялык реформаларга карабай демократиялык мамлекет бойдон калаарын, парламентаризм элдин ишеничин актабагандыгын, оппозицияга мамилесин, тышкы саясатта коңшулар менен жакшы мамиле түзүлө баштаганын, Сохто коридор ачылбастыгын, тышкы карызды төлөөгө ички булактар бардыгын айтып, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимовго карата бийликтин мамилеси сыяктуу дагы бир катар талылуу суроолорго жооп берди. (видео)

- Суусамыр: - 40 градустагы жашоо. Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашууда Кыргызстандагы №9 жол тейлөө мекемеси жайгашкан. Андагы жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй иштеп, атайын жатаканада түнөшөт. (видео)

- Атырау шаарында активист Макс Бокаевдин тарапташтары куугунтукталууда. (Казакстандан видео)​

- Ахмат Кадыров атындагы полк тууралуу эмнелер белгилүү? «Новая газета» басылмасынын булагы Сулейман Гезмахмаев Ахмат Кадыров атындагы полкто кызмат өтөгөн. Ал Росгвардиянын курамына кирип, көбүнчө Чеченстан башчысынын коопсуздугу менен алектенет. (видео)

- Азия 360°: Караколдо лыжа тепкен кыздар. (Настоящее время)​

- Самаркандда жумушсуз жаштарга бөлүнүп берилген айдоо жерлери кайра алынды​. (видео)

- Жыйырмага жакын казакстандык америкалык дипломаттардан жардам сурады. (Казакстандан видео)​

- Кыргызстанда коронавируска шектелген абактагылар кандай дарыланган? (Настоящее время)

- Табиятты таштандыдан тазалагандар. (видео)

- Тажикстанда жай жана кымбат интернет шартында IT-парк түзүү мүмкүнбү? (видео )

- Кыргызстандык көзү азиз радио алып баруучунун баяны. (Настоящее время)

- Нью-Йоркто өзбекстандык мигранттар навайкана ачып, нан жана самса жасашууда. (Настоящее время)​

- Германияда баткап сатып алуу боюнча коррупциялык жаңжал чыкты. (видео Директ)

- Аялдар көк бөрү ойной алабы? (Настоящее время)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG