Ссылки доступа

Молдокматов: активист Камчы Нурбек уулунун дайыны белгисиз болууда


Жетим-Тоо, Кумтөр кендери жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирип жүргөн активист Камчы Нурбека уулу кечээтен бери дайынсыз болууда.

Бул тууралуу «Ханституцияга каршы» борборунун жетекчиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Камчы Нурбек уулу 16-марттын түнү активисттерге чалып, өзүн белгисиз кишилер кармап, алып бара жатканын кабарлаган. Ошол бойдон аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Кайда экени белгисиз.

Молдокматов акыркы күндөрү бийликке каршы чыккандарга карата басым-кысым күч алганын, азыр Камчы Нурбек уулунун дайын-дарегин адвокаттар тактап жатканын кошумчалады.

"Анын биздин борборго эч кандай тиешеси жок. Жетим-Тоо, Кумтөр боюнча акцияларга катышып келген. Конституция боюнча митингдерде менин катарымда турган".

Укук коргоо органдары мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Буга чейин жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелип кармалган. Анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда тинтүү жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG