Ссылки доступа

Тажикстанда мугалимдер прокуратура кызматкерлеринин текшерүүсүнө даттанууда


Хорог шаарынын мугалимдери Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратура кызматкерлери дайыма текшерүүлөрдү жүргүзүп, айып пул салып жатканына даттанышты.

Жергиликтүү окутуучулардын биринин айтымында, облустук прокуратура кызматкерлери шаар мектептерине жумушка келгендей эле келип жатышат.

«Жөнөкөй мугалим үчүн кандай гана укук коргоо түзүмүнүн, анын ичине прокуратура кызматкеринин келиши кошумча стресс. Прокуратура кызматкерлери сабактарга катышып, окуучуларга башты айланткан суроолорду берип, журналдарды жана конспектилерди текшерүүдө. Мугалимдер сарсанаа болуп, коркуп жатышат. Биз түшүнбөй жатабыз: мектептерди билим берүү башкармалыгы текшерет да, прокуратуранын тиешеси кандай?», - деди мугалим.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокурору Парвиз Орифзода текшерүү учурунда Хорогдогу мектептерде 10 мугалим – алтоо медициналык кароодон өтпөгөнү үчүн, төртөө – жумушуна шалаакы мамиле жасаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди. Соттун чечими менен төртөө эскертүү алып, алтоо 120 сомониге (11 доллар) айып пулга жыгылган.

«Эгер мугалим окууга кечигип же конспектиси жок келсе, аны биз болбосок ким ооздукташы керек? Азыр пандемия маалы, окуучулар балдар менен иштешет. Демек, алардын баары медициналык кароодон өтүүгө тийиш», - деди Орифзода.

Тажикстандын билим берүү кыматкерлеринин кесиптик кошууну прокуратура эки жылда бир жолу алдын ала бекитилген пландын негизинде гана мектептерди текшере ала турганын билдирди. Текшерүү кандайдыр бир арыз түшкөн учурда гана жүргүзүлөт. Алардын окуу жараянына кийлигишүүгө укугу жок.

Тажикстанда 4000ден ашык мектеп бар, аларда 2 миллиондон көп окуучу билим алат.

XS
SM
MD
LG