Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык күчтөрдүн координациялык кеңешинин жыйыны өттү (видео)


В Нур-Султане прошел съезд казахстанской оппозиции. Как это было
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

17-мартта Нур-Султан шаарында ондогон оппозициялык активисттер менен саясатчылардын катышуусунда «оппозициялык күчтөрдүн координациялык кеңешинин» жыйыны өттү.

Казакстандын баш калаасы коронавирустун жайылуусу боюнча «кызыл зонада» экенине карабастан, иш-чарага катышуучулар көп келип, бийлик аларга эч тоскоолдук кылган жок.

Иш-чараны уюштуруу демилгеси өткөн жылы «Нур-Отан» партиясынан чыгарылып, депутаттык мандатынан ажыратылган Нуржан Альтаевге таандык. Өлкөдө каттоодон өтпөгөн «Ел Тиреги» аттуу партияны жетектеген Альтаев бардык оппозиция лидерлерин сүйлөшүүгө чакырганын билдирди.

«Биз Мухтар Аблязовдун байланыш даректерин билбейбиз, ошондуктан аны менен байланышка чыккан жокпуз. Бирок кеңештин эшиги өлкөбүздүн келечеги үчүн кайдыгер эмес бардык адамдар үчүн ачык», — деди Альтаев.

Айрым саясатчылар иш-чарага видеобайланыш аркылуу онлайн катышышты. Алардын бири өлтүрүлгөн оппозиционер Алтынбек Сарсенбаевдин бир тууганы Рысбек Сарсенбаев болду. Ал дароо эле Нуржан Альтаевге ишенбестик билдирип, бул иш-чара бийликтин идеясы менен уюштурулган болушу мүмкүн деген күмөн саноосун айтты.

«Жыйын күмөн жаратууда. Бул бийлик үчүн күрөш жүргүзө турган Тимур Кулибаевдин болочоктогу партиясына ишенчеээк адамдарды тартуу үчүн жасалып жаткандай. Чогулгандардын конкреттүү максаттары жок, ошондуктан аларга кошулуу маанисиз», — деди Сарсенбаев.

«Казак оппозициясын бириктирүү» идеясына Украинада жашап жүргөн белгилүү саясий диссидент Ермек Нарымбай да скептикалык көз карашын билдирди.

«Бүгүнкү күндө конкреттүү күн тартиби жок туруп биригүү эч натыйжа бербейт. Адатта, тышкы жана ички коркунучтардын алдында биригишет. Биздин күн тартибибизде болгону жер маселеси гана бар», — деди Нарымбай.

Андан соң курултай катышуучуларынын ортосунда жолугушуунун максаты жана оппозиция эмнеге биригиши керек деген маселелердин айланасында талаш-тартыш жүрдү.

«Конкреттүү айтыш керек, биз оппозициябыз. Биз бийликти ээлөө үчүн келдик. Кандай жол менен экени маанилүү эмес – шайлоо менен камсыз кылса шайлоо аркылуу алабыз. Болбосо майдан аркылуу алабыз. Биздин позиция ушундай. Бул жерде ким калса ошолор менен иштешүүгө даярмын», — деди активист Болатбек Блялов.

Жыйындын катышуучулары бул алардын акыркы жолугушуусу эмес экенин белгилеп, алдыда жер маселесин, Шинжаңдагы казактардын абалын, саясий туткундарды бошотууну жана көп балалуу энелердин көйгөйлөрүн талкуулоо ниеттерин билдиришти.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG