Ссылки доступа

Тажикстанда күйүүчү май каатчылыгы күч алды (видео)


Тажикстанда күйүүчү май каатчылыгы тереңдеп баратат. 17-мартта «Озодинин» кабарчылары онго чукул май куюучу станцияны кыдырып чыгып, бензин таба алышкан эмес. Учурда «Газпромнефть-Тажикстан» компаниясынын станцияларынан гана май сатып алууга мүмкүн. Ал жерлерде бензиндин литри 9 сомониден берилүүдө.

Компания бензин тартыштыгынын жана баалардын кымбатташынын себебин ачыктаган жок.

Тажикстанда күйүүчү май марттын башында кымбаттап, эки жумада 12% өскөн. Май куюучу жайларда негизинен суюлтулган газ менен дизель сатылууда. Айрым компаниялар сатыкка лимит киргизсе, айрымдары туруктуу кардарларын гана тейлеп жатышат.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы күйүүчү май рыногундагы масштабдуу кризистин себебин иликтеп жатканын маалымдады. Буга чейин мекеме Казакстандан бензин келбей жатканын, Орусияныкы болсо кымбат экенин кабарлаган.

Хоженттик май куюучу жайлардын биринин ээси билдиргендей, ушул тапта Кыргызстан менен чектеш аймактарда да бензин тартыштыгы жаралды. Анын айтымында, февралга чейин коңшу өлкөдө бензин 40% арзан болгон жана Тажикстанга сатылып келген. Учурда Кыргызстанда да бензин кымбаттады. Чек арада көзөмөл күчөтүлүп, бензин ташып кирүү мүмкүн болбой калды.

3-мартта Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов чийки мунай жана мунай продукттарын чет өлкөгө сатууга тыюу салууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG