Ссылки доступа

Түркмөнстанда бийликтин динге ишенгендерге басымы уланууда


Марыдагы мечит (иллюстрациялык сүрөт)

Диний укуктардын бузулушун чагылдырган «Forum 18» уюму Түркмөнстанда динге ишенгендерди коркутуу жана камакка алуу тажрыйбасы уланып жатканын билдирди.

Басылма «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына таянып, бийлик өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери динге ишенген жарандарга карата басымды күчөтүп жатканын белгиледи.

«Өзгөчө басым Фарап жана Чаржев райондорунда күчөдү. Жыл башында бул аймактарда 20га жакын динге ишенген жаран кармалып, алардын сакалдарын мажбурлап алышкан. Мындан тышкары полиция кызматкерлери кармалгандарды сөгүп, спирт ичимдигин ичүүгө мажбурлаган», — деп жазды басылма.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы 9-мартта полиция кызматкерлери Мираж түнүнө карата намаз окуу үчүн Мары шаарынын башкы мечитине чогулган мусулмандарды күч менен таратышканын кабарлаган.

«Forum 18» басылмасы бул учурлар боюнча комментарий алуу үчүн Түркмөнстандын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнөн комментарий алууга аракет кылганын, бирок майнап чыкпаганын жазды.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы 2017-жылы «гүленчилерге» тиешеси бар деген айып менен камакка алынган жарандар боюнча маалымат алуу аракети жыйынтык бербегенин билдирген. Бул айыптоолор боюнча ондогон түркмөнстандык кармалып, жабык сот отурумдарында узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылган. Укук коргоочулар алар тергөө маалында кыйноолорго кабылышканын айтышкан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG