Ссылки доступа

Путин Байденге түз эфирде жолугууну сунуштады


Владимир Путин, Москва, 18-март, 2021-жыл.

Владимир Путин АКШ президенти Жо Байденге дискуссияны түз эфирде улантууну сунуштады. Орусия президентинин айтымында, ал Байден менен 19-же 20-мартта сүйлөшүүгө даяр.

Орусия ТИМи эки президенттин сүйлөшүүсүнө даярдык баштаганын министрликтин өкүлү Мария Захарова билдирди.

17-мартта Байден ABC News каналына берген интервьюсунда журналисттин «Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?» деген суроосуна «ооба» деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле.

Мындан соң Орусия АКШдагы элчисин Вашингтон менен алакасы тууралуу кеңешүү үчүн чакыртып алды. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «абдан жаман» жана «чектен чыккан», деп атаган.

Путин дискуссияны түз эфирде улантууну сунуштагандан кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки журналисттерге АКШ администрациясы жолугушуу ыктымалдуулугуна баа бере албастыгын, себеби Байдендин колу бошобой турганын – ал сапар менен Жоржияга барарын айтты.

Псаки мындан тышкары Байден ABC News телеканалындагы сүйлөшүүгө өкүнбөй турганын белгилеген. «Президент түз суроого түз жооп берди», - деди маалымат катчы. Ал пикир келишпестиктерге карабай, АКШ бир катар тармактарда Орусия менен кызматташа аларын айтты.

Видео

Видео

Саясатты сатирага салган Самат
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00
XS
SM
MD
LG