Ссылки доступа

Тажикстандык спортчу Дилшод Назаров Токиодогу Олимп оюндарына катышуу укугунан ажыратылды


Дилшод Назаров, Рио-де-Жанейро. Август, 2016-жыл.
Дилшод Назаров, Рио-де-Жанейро. Август, 2016-жыл.

Белгилүү тажик спортчусу, 2016-жылдагы Олимпиаданын салмоор таш ыргытуу боюнча чемпиону Дилшод Назаров Токиодогу Олимп оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Жеңил атлетикадагы терс көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча көз карандысыз The Athletics Integrity Unit (AIU) органы допинг колдонгону үчүн Дилшод Назаровду эки жылга мелдештерден четтетти. Жаза мөөнөтү 2019-жылдын 24-сентябрынан эсептелет. Натыйжада Дилшод спорттук карьерасын быйыл октябрдан кийин гана уланта алат.

AIU сайты кабарлагандай, тажик спортчусу 2011-жылдагы дүйнө чемпионаты учурундагы допинг-үлгүлөр кайра текшерүүдөн өткөндөн кийин жаза алды. Спортчунун канынан тыюу салынган metabolite of oral turinabol заты табылган. Анын 2011-жылдан 29-августунан 2013-жылдын 29-августка чейинки сыйлыктары жокко чыгарылат.

38 жаштагы Дилшод Назаров 18-мартта Инстаграмга бир жарым жыл бою кызытма колдонбогонун тастыктоого аракет жасаганын, бирок бул иштен майнап чыкпаганын жазды.

Дилшод Назаров Тажикстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Анын жеке рекорду: 80,71 метр.

2015-жылы Бээжинде өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль утуп алган. Азия оюндарынын үч жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын төрт жолку катышуучусу.

XS
SM
MD
LG