Ссылки доступа

Алматыда баалардын жогорулашына нааразы болгон көп балалуу энелер акимчилик алдына чогулушту


Алматыда ондогон көп балалуу энелер акимчилик алдына чогулуп, калаа башчы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушууну талап кылышты.

Алар азык-түлүк кымбаттап, коммуналдык кызматтардын тарифтери жогорулап жатканына нааразылык билдирип, турак жай маселелери чечилбей, социалдык жөлөк пул аз болуп жатканына даттанышты.

— Беш бала менен бир бөлмөдө жашайбыз. Буга чейин коммуналдык кызматтарга айына 15-18- миң теңгеден төлөчүмүн. Азыр 53 миңге дүмүрчөк келди, төлөө кыйын болууда. Күйөөм айына 100 миң теңге табат. Батирге акча төлөгөндөн тышкары балдарды тамак-аш, кийим менен камсыз кылуу керек, — деди Альбина Адилова аттуу тургун.

Анын айтымында, эки жума мурда акимчилик өкүлдөрү менен жолугушуудан күтүлгөндөй жыйынтык болгон эмес. Буга байланыштуу алар аким менен жолугушууну талап кылып чыгышкан.

Чогулгандардын алдына чыккан акимдин орун басары Марат Кикимов карантиндик чектөөлөрдөн улам акимчиликке кирүүгө болбой турганын айтып, сүйлөшүүнү башка имаратта улантууну сунуштады. Буга акция катышуучулары көнбөй, көпкө созулган талаш-тартыштан кийин алардын акимчиликке кирүүсүнө уруксат берилди. Бирок имаратка журналисттер киргизилген жок.

Буга чейин өлкөнүн расмий маалымат каражаттары 2021-жылы электр энергиясы менен жылуулук берүү тарифтери жогорулай турганын кабарлашкан. Айрым аймактардын тургундары коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр кымбаттаганына каршы акцияларды өткөрүшкөн.

Казакстанда буга чейин да көп балалуу энелердин нааразылык акциялары өтүп келген. Алар негизинен 21 миң теңгелик жөлөк пулду кайтаруу, турак жай маселелерин чечүү жана майып балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү талаптарын коюп келишет.

Видео

Видео

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
XS
SM
MD
LG