Ссылки доступа

Казакстанда COVID менен «пневмониянын» 1111 учуру аныкталып, 12 киши өлдү


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 23-март күнү билдиргендей, соңку бир суткада 1 101 кишиден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бир күн мурун 1 208 учур аныкталган.

Мекеменин билдирүүсүндө дагы 10 киши «ковид типтүү пневмонияга» кабылганы, 12 киши көз жумганы айтылат.

Казакстанда жалпысынан коронавирус инфекциясы лабораториялык түрдө 234 007 кишиден тастыкталды. 2020-жылдын 13-мартынан бери 2 934 киши өлдү.

Казакстан 2020-жылдын 1-августунан бери «ковид типтүү пневмониянын» эсебин өзүнчө жүргүзүп келет. Андан бери 50 131 адамдын өпкөсү кагынып, 664ү каза болду.

Бул арада көпчүлүк расмий статистикага ынанбайт, алар вирус жуктургандар менен андан өлгөндөрдүн саны эки эсеге көп болушу ыктымал деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG