Ссылки доступа

Мирзиёев журналисттерди сын материалдарды көбүрөөк даярдоого чакырды (видео)


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн аптада Ташкенттеги сапары учурунда журналисттер менен баарлашып, аларды өлкөдөгү абалды объективдүү чагылдырууга, курч суроолорду берүүдөн коркпоого жана көйгөйлүү маселелердин жаралышына күнөөлүү адамдарды сындоого чакырды.

«Сындагыла! Алардын аты-жөнүн, сүрөтүн белгилеп: «Эмне үчүн сен муну жасаган жоксуң? Эмне үчүн сиз тапшырманы аткарбай жатасыз?» деп, баарына кабардар кылгыла. Бул үч-төрт жарлыкка караганда чоң таасирге ээ, сиздерде чоң бийлик бар, -деген Мирзиёев. Ошол эле маалда өзбек лидери өз дарегине сын айтууга мүмкүнбү-жокпу тактаган эмес.

Соңку мезгилдерде Өзбекстандын президенти аймактарды кыдыруу учурунда журналисттер менен сүйлөшө баштаганы байкалууда. Алгачкы диалог февралда Мирзиёев Наманганга барган учурда болгон. Журналисттерде өздөрү каалаган суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, эл аралык байкоочулар муну «маанилүү окуя» деп эсептешүүдө.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG