Ссылки доступа

Казакстан өкмөтү жер реформасы боюнча комиссиянын курамын жарыялды


Казакстан өкмөтү 23-мартта Жер комиссиясынын курамын жарыялады. Ага депутаттар, активисттер, бизнесмендер, ишкерлер, Нур-Султан, Алматы шаарлары менен облус акимдеринин орун басарлары кирди.

Буга чейин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев межилиске чет өлкөлүктөргө жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жөнөткөн. Токаев документти талкуулоо үчүн комиссия түзүүнү да тапшырган.

Комиссиянын алгачкы отуруму 25-мартка белгиленген. Жыйында жер кадастрын түзүү жана Казакстан жарандыгын алуу үчүн талаптарды катаалдаштыруу маселеси каралат.

2016-жылы Казакстанда айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна коомчулук наарызы болуп, жапырт акцияларга чыгышкан. Буга байланыштуу ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев документке беш жылга мораторий киргизген. Анын мөөнөтү быйыл аяктайт.

Жапырт нааразылык акциялары 2016-жылы мартта Атырау шаарында башталган. Кийин нааразылык өлкөнүн башка аймактарында да уланган.

Жер реформасына каршы митингге катышкан казакстандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян беш жылга эркинен ажыратылган. Аларга "социалдык араздашууну козутуу", "жалган маалымат таратуу" жана "митингдер жөнүндө мыйзамды бузуу" беренелери боюнча айып тагылган.

2018-жылы апрелде сот Талгат Аянды анын өтүнүчү боюнча бошоткон, кийинчерээк актаган. Анда Макс Бокаев "мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурабайм" деп билдирген. Ал быйыл 4-февралда түрмөдөн чыкты.

Эки активист тең жер реформасы боюнча комиссиянын азыркы тизмесинде жок.

XS
SM
MD
LG