Ссылки доступа

Навальныйдын командасы жазгы митингдер тууралуу жарыялады


Москвадагы жүрүш, архив
Москвадагы жүрүш, архив

Алексей Навальныйдын командасы аны бошотуу үчүн жазгы митингдер болорун жарыялды. Саясатчынын тарапташтары акция өтө турган датаны жана жерди ага катышууга 500 миң киши даяр экенин билдиргенден кийин айтууну пландашууда.

Митингге катталуу үчүн өзүнчө сайт ишке кирип, бирок акция жөнүндө маалымат жарыялангандан кийин ачылбай калды. Навальныйдын тарапташтары Орусия тарыхындагы эң ири акция өткөргө ниеттенишүүдө. Билдирүүдө митинг – саясатчыны бошотуу боюнча пландын бир бөлүгү экени белгиленген.

Кремлдин башкы сынчысы 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.

«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактыны четке кагып келет.

Орус бийликтери Навальный ууландырылгандан кийинки Германияда дарыланган жана саламаттыгын чыңдаган учурун «шарттуу жазага кабылган айыпкер өз учурунда катталып турушу керектиги тууралуу эрежени бузду» деген доо үчүн пайдаланды.

Ал быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалып, 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG