Ссылки доступа

Душанбенин тургуну адилеттүүлүк издеп жазган арыздарынын салмагы «15 килограммга жеткенин» билдирүүдө


Душанбе шаарынын тургуну Саид Хасанов төрт жылдан бери эки аялды өлтүрүү айыбы менен 28 жылга соттолгон уулунун күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет кылып келет.

Ал 2017-жылдан бери түрдүү мамлекеттик органдарга жазган арыздарынын көчүрмөлөрүн өзүнчө бир папкага топтоп жүргөнүн, алардын салмагы «15 килограммга жакындап калганын» билдирүүдө.

Файзали Хасанов орус улутундагы эки аялды (апасы менен кызын) өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган. Бирок атасы маркумдардын сөөгү табылган маалда алардын төртүнчү кабаттагы батиринин эшиги ичинен илинүү болгонун билдирип, уулу күнөөсүз экенин айтууда.

«Төрт жылдан бери адилеттүүлүк издеп, күн сайын сотторго, прокуратурага кайрылып келем. Топтогон далилдерге көңүл бурушкан жок. Кайрылбаган инстанция калган жок. Тажикстанда чындыкты далилдөө оңой эмес. Анткени сот адилеттиги жок, болгону жемкорлук бар», — деди Хасанов.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө адилеттүүлүк издеген жарандар өтө көп, редакцияга дээрлик күн сайын бул маселе боюнча жок дегенде бир адам кайрылат. Алар Тажикстанда кылмыш иштери боюнча гана эмес, административдик укук бузуулар боюнча да чындыкты далилдөө өтө оор экенин билдиришет.

Душанбенин дагы бир тургуну Сабохат Салимов өткөн жылы майда бейбаштык үчүн айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Анын айтымында, жети айдан бери бир нече инстанцияга кайрылып, ага жалган жалаа жабылганын далилдөөгө аракет кылган, бирок эч майнап чыккан эмес.

Бийлик өкүлдөрү мындай пикирлер менен макул эмес. Алар Тажикстанда адам укуктары сакталып, сот адилеттиги камсыз кылынганын билдиришүүдө.

Өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён өткөн айда адилеттүүлүк жок экени тууралуу билдирүүлөрдү «болбогон кеп» деп атап, «Тажикстанда адилеттүүлүк бар экенин жана аны менен бардык жарандар камсыз болгонун» билдирген.

XS
SM
MD
LG