Ссылки доступа

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр киргизилет


Өзбекстанда Атайын республикалык комиссия эпидемиологиялык абалдын курчушунун алдын алуу үчүн 1-апрелден тартып бир катар чектөөлөрдү киргизет.

1-апрелден тартып аш-тойлорду өткөрүү учурунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коноктордун саны 100дөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары театр, кино жана концерттик программалар учурунда көрүүчүлөрдү жана тейлөө кызматкерлерин беткап менен камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Залдын 50% гана толууга тийиш, көрүүчүлөр аралыкты сактап отурууга, дене табын өлчөтүүгө милдеттендирилет.

Уюштуруучулар залда карантин эрежелеринин сакталышына жооптуу болушат.

XS
SM
MD
LG