Ссылки доступа

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болду


Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келерки дүйшөмбү, 29-мартта баштаганы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Бул вакцина менен азыркыга чейин 65 өлкөдө 12 миллион адам эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

XS
SM
MD
LG