Ссылки доступа

Орусия апрелден тартып Тажикстан менен ырааттуу аба каттамдарын жандандырат


Душанбе эл аралык аэропорту
Душанбе эл аралык аэропорту

Орусия апрелден тартып Германия, Өзбекстан, Тажикстан, Венесуэла, Сирия жана Шри-Ланка менен туруктуу аба каттамдарын жандандырат.

Орусия өкмөтү бул чечимди аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алды.

Орусия өкмөтүнүн вице-премьер министри Татьяна Голикова коронавирус пандемиясы менен күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында 1-апрелден баштап Тажикстан менен туруктуу аба каттамдары уюштурула турганын айтты. Азырынча Москва-Душанбе-Москва багыты боюнча жумасына бир жолу учак каттайт.

Ыкчам штаб Орусияга кирер алдында жүргүнчүлөрдөн 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынарын белгилейт.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусия 2020-жылы 27-мартта башка өлкөлөр менен ырааттуу жана чартердик аба каттамдарын токтоткон. Жүк ташуу жана санитардык учууларга чектөө киргизилген эмес. Августтан кийин Орусия айрым мамлекеттер менен аба каттамдарын калыбына келтирген.

16-мартта Душанбеге Орусиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин адистери өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалга баа берүү үчүн келишкен. Анда орусиялык адистер кырдаалга баа берип кеткенден кийин Орусия чек араларды ачып, туруктуу аба каттамдарын жандандыруу боюнча чечим кабыл ала турганы күтүлүп жатканы кабарланган.

Ушул тапта Тажикстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттар жана Өзбекстан менен ырааттуу аба каттамдарын уюштурууда. Бирок эмгек мигранттарынын көбү Орусия аба жолунун ачылышын күтүп жаткан.

XS
SM
MD
LG