Ссылки доступа

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Москвадан Ташкентке которулду


Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2021-жылы 12-14-ноябрь аралыгында Ташкентте өтөт. Мындай чечим Эл аралык самбо федерациясынын аткаруучу комитетинин 24-мартта Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин Эл аралык самбо федерациясы дүйнө чемпионаты Москвада өтөрүн билдирген. Бирок былтыр декабрда Спорттук арбитраждык сот Орусияны дүйнө чемпионаттарын жана Олимпиада оюндарын өткөрүүгө эки жылга тыюу салган. Буга байланыштуу самбо мелдеши Ташкентте өтмөй болду.

Азиянын самбо федерациясы дүйнө чемпионатына катыша турган спортчуларга Өзбекстанга виза алууга жардам берүүнү убада кылды.

Самбо боюнча Азия чемпионаты да быйыл июль айында Ташкентте өтөт.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG