Пешкун районундагы чөлдүү аймактарда тартылган сүрөттөрдө ондогон койлордун өлүп жатканын көрүүгө болот.
Фермерлердин айтымында, бир тележка чөп 600 миң сумга (57 доллар) чыкты. Буга байланыштуу айрымдар малын арзанына карабай сатууга аргасыз болууда.
Пешкун районунун Ветеринария жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Завхиддин Курбанов фермерлер тоют камдап албагандыктан, койлордун өлүмү катталганын, бирок көйгөй анчалык чоң эмес экенин айтты.
Пешкун району негизинен мал чарбачылыгына ыктайт. Бул райондон Бухарага эле эмес өлкөнүн башка жерлерине да эт жеткирилип турат.
Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү министрлиги былтыр декабрдагы отчетунда эттин баасынын жогорулашына тоют базасынын кыскарганы да себеп болгонун белгилеген.