Ссылки доступа

Тажик укук коргоочусу Иззат Амона Орусиядан депортацияланышы мүмкүн


Иззат Амон
Иззат Амон

Москванын Тверь райондук соту белгилүү укук коргоочу жана Тажиктер борборунун башчысы Иззат Амонду «Орусияда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө» айыптады. Соттун чечими 16-мартта күчүнө кирди. Укук коргоочу 25-мартта кармалган, эми ал айып пулга жыгылып, мекенине депортацияланышы ыктымал.

Тверь сотунан билдиргендей, Иззат Холов (Иззат Амон) «Чет өлкөлүк же жарандыгы жок кишинин Орусия Федерациясында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүсү» беренеси боюнча айыпталууда. Бул беренеге ылайык, 2 000ден 5 000 рублга чейин айып пул салуу жана Орусиядан чыгаруу жазасы каралган.

Иззат Амон буга чейин 90-жылдардын аягынан бери эле Орусиянын жараны экенин айткан. Укук коргоочулар сот чечим чыгарар алдында ал орус жарандыгынан ажыратылган болушу ыктымал деп эсептешүүдө.

Иззат Амондун кесиптештеринин айтымында, бир ай мурун Тажикстан бийлиги Орусиянын укук коргоо органдарына Иззат Амонго орус жарандыгын берүүдөн баш тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

48 жаштагы Иззат Амон 2000-жылдардан бери Москвада жашайт. 2009-жылы Орусия ТИМине караштуу Дипломатиялык академияны, 2013-жылы Орусия президентинин аппаратынын алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын аспирантурасын аяктаган.

Иззат Амон Москвадагы Эл аралык адвокаттар бюросунда иштейт жана «Москвадагы тажиктер борбору» уюмун жетектейт.

2019-жылы Иззат Амони хиджапка тыюу салууну сындап чыкканы үчүн Тажикстанда ага экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

XS
SM
MD
LG