Ссылки доступа

Карагандыдагы шахтадан өрт чыкты


28-мартта Карагандыдагы «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына тиешелүү «Сарань» шахтасында өрт чыкты. Жер алдында иштеп жаткан 141 шахтачы эвакуацияланды, эч ким жабыр тарткан жок.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кабарлашынча, жекшемби күнү кечинде шахтанын аймагындагы технологиялык комплексте чыккан өрт өчүрүлдү, бирок шахтада жумуш токтотулду.

Бул ушул шахтада катталган алгачкы кырсык эмес. Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, 12-мартта «Сарань» шахтасында өрт чыгып, болжол менен 300дөй киши эвакуацияланган. Андан бир нече күн мурун бир кенчи каза болгон.

Быйыл январда компаниянын Ленин атындагы шахтасында бургулоо жумуштары учурунда авария болуп, эки киши шахта газына ууланып, ооруканага жеткирилген. Дагы бир машинист жер алдынан чыга албай калып, кийинчерээк анын сөөгү табылган. Окуя учурунда шахтада 137 адам болгон.

2017-жылы декабрда «Сарань» шахтасынын жумушчулары эмгек шартын жакшыртуу талабы менен иш ташташкан.

XS
SM
MD
LG