Ссылки доступа

Ташкентте кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салууга чакырып жүргөн блогер сабалды


Ташкенттин борбордук бөлүгүндө жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүнү пландап жаткан блогер Миразиз Бозоров 28-март күнү кечинде белгисиз кишилер тарабынан сабалды.

«Ал өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн чыкканда белгисиз автоунаа келип токтоп, ичинен беткап кийген үч киши түштү. Бирөөнүн колунда бейсбол таягы болгон. Алар дароо блогерди сабай башташты», — деди окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундардын бири.

Катуу жаракат алган 29 жаштагы Бозоров Ташкенттеги травматологиялык ооруканага жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, анын ички органдары жабыркап, сол колу сынып, буттары сыйрылып, мээси чайкалган. Блогерге нейрохирургдун жардамы керек болушу мүмкүн болгондуктан, азыр аны башка ооруканага которуу маселеси каралууда.

Бозоров акыркы эки жумадан бери коркутуулар болгонун, бул боюнча укук коргоо органдарына ондон ашык жолу арыз бергенин, бирок алар кабыл албаганын билдирди.

Блогер буга чейин Telegram-каналы аркылуу бийликти Өзбекстандын Кылмыш кодексиндеги «гомосексуализм» беренесин алып салууга бир нече жолу чакырган. Мындан тышкары президент Шавкат Мирзиёевди сындап, анын саясаты менен экономикалык реформаларын «чоң жоготуу» деп атап, өкмөттү карантин маалында «акча уурдоого» айыптап, жарандарды шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн.

Өткөн жылы жайында Миразиз Бозоров Facebook түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Эл аралык каржы фонду менен Азия өнүктүрүү банкына кайрылып, аларды тиешелүү көзөмөлсүз Өзбекстанга насыяларды бербөөгө чакырган.

Видео

Видео

Барскоон - Милан: Шырдак оюу дүйнөлүк подиумда
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:13 0:00
XS
SM
MD
LG