28-мартта түштөн кийин Ташкентте ЛГБТ активисттерге каршы нааразылык акциясы өткөн. Социалык түйүндөргө жарыяланган видеодо ондогон киши жолдун автоунаалар өтчү бөлүгүндө «Аллаху акбар!» деп кыйкырып баратканын көрүүгө болот.
Мекеменин маалыматына караганда, акциянын 12 катышуучусу кармалып, аларга «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«Акциянын 3-4 катышуучусу бир бала менен бир кызды ЛГБТ активисттер деп ойлоп, сабоого аракет кылышкан. Аларга дагы 20-25 киши кошулуп, бейбаштык аракеттерге барып, коомдук жайларда жүрүү эрежелерин бузушкан. Ал жерде иштеп жүргөн укук коргоо кызматкерлери бала менен кызды коргоп калышты. Жаңжал токтотулуп, эч ким жабыркаган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ошол эле күнү кечинде Ташкентте жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандары үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүнү пландаган блогер Миразиз Базаров белгисиз кишилер тарабынан сабалган.