Ссылки доступа

Тажик диний ишмери Эшони Саиднуриддин Орусиядан чыгарылды


Саиднуриддин Розиков.
Саиднуриддин Розиков.

Орусия бийлиги тажик тектүү диний ишмер Саиднуриддин Розиковду орус жарандыгынан ажыратып, өлкөдөн чыгарды. Эшони Саиднуриддин деген ысым менен таанымал 60 жаштагы динаятчы 23 жылдан бери Свердлов облусунун Режевский районунда жашаган.

Саиднуридди Розиковдун туугандарынын айтымында, Тажикстан бийлиги аны негизсиз түрдө өлкөдө тыюу салынган «Салафия» диний агымына байланышы бар деп айыптоодо.

Жакында Орусия бийлиги аны паспорт алууда документтери жетишсиз деген шылтоо менен орус жарандыгынан ажыраткан.

Тажикстан ИИМиндеги өз булактар 29-мартта Саиднуриддин Розиков Тажикстанда экенин тастыктады. Ага карата козголгон кылмыш ишин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети иликтөөдө. УКМК азырынча Эшони Саиднуриддиндин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Диний ишмердин уулу Мухаммад Розиков «Озоди» радиосуна берген маегинде атасы менен акыркы жолу 26-мартта кабарлашканын, ал сурак берип чыкканын айтканын билдирди. Андан тыюу салынган диний агымдар менен байланышы жөнүндө сурашкан.

Тажик эмгек мигранттарынын биринин айтымында, Саиднуридди Розиков 2015-жылдан бери Режевский облусундагы чакан мечиттин имамы болгон, бирок жергиликтүү бийлик мечитти жаап койгон.

Саиднуридди Розиковадун туугандары ал кандайдыр бир диний уюмдун тарапташы болбогонун, Орусияда негизинен соода менен алектенгенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG