Ссылки доступа

Орусиядан депортацияланган тажик укук коргоочусу Душанбедеги тергөө абагында кармалууда (видео)


Иззат Амон менен уулу Мухаммадюсуф Холов
Иззат Амон менен уулу Мухаммадюсуф Холов

Орусиядан депортациялангандан кийин Душанбеде кармалган тажикстандык укук коргоочу Иззат Амондун уулу Мухаммадюсуф Холов 30-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө абагында атасы менен жолукканын билдирди.

«Атамдын саламаттыгы жакшы. Бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдын орду толтурулса ал бошотуларын убадалашты. Атам да жакында эркиндикке чыгаарына ишенип турат», — деди Холов.

Азырынча укук коргоочунун ыктымал бошотулушу тууралуу бийлик расмий билдирүү жасай элек.

Сын Иззата Амона в Душанбе до сих пор не знает, где его отец
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

26-мартта Тажикстандын ИИМи Иззат Амон алдамчылыкка айыпталып жатканын, ага каршы кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Мекеме эртеси укук коргоочу «Орусияда жүрүү эрежесин бузганы жана бул өлкөнүн жарандыгын мыйзамсыз алганы үчүн» Москванын Тверь райондук сотунун чечими менен депортацияланып, Душанбеге келгенде камакка алынганын ырастаган.

25-мартта Иззат Амондун кесиптештери Москва полициясы аны үйүнөн алып кеткенин билдиришкен.

2000-жылдардан бери Москвада жашап жүргөн 48 жаштагы Иззат Амон бул шаардагы Эл аралык адвокаттар бюросунда иштеп, «Москвадагы тажиктер борбору» уюмун жетектейт. 2019-жылы хиджапка тыюу салууну сындап чыкканы үчүн Тажикстанда ага экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

XS
SM
MD
LG