Ссылки доступа

Коронавирустун британиялык жана түштүкафрикалык штаммдары Казакстандын көпчүлүк аймактарында аныкталды


Коронавирустун тез жайылуучу жаңы штаммдары Казакстандын көпчүлүк аймактарында аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Казакстандын бардык аймактарындагы коронавирус аныкталган бейтаптардан алынган лабораториялык үлгүлөр изилденди. Жыйынтыгында Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар облустарынан башка аймактардын баарында коронавирустун британиялык, түштүкафрикалык жана бразилиялык штаммдарына мүнөздүү ыктымал мутациялар аныкталды. Коронавирустун британиялык штаммына окшогон сегиз түрү Алматыда, Актөбө облусунда үч жана Нур-Султанда бир түрү табылды. Алардын сегизи чет өлкөлөрдөн келип, калгандарына жуккан», — деди саламаттык сактоо министри Алексей Цой.

Өткөн жуманын аягында Алматы шаарында коронавирустун британиялык жана түштүкафрикалык штаммдарына окшогон түрү катталганы кабарланган. Министрликтин өкүлдөрү жаңы штаммдар коронавирустун буга чейинки штаммдарына караганда жугуштуу экени, 70% тезирээк жайылары аныкталганын билдиришкен.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр март айынан бери өлкөдө 243 318 кишиге коронавирус жугуп, 3 029 бейтап каза болду. Бул статистикага СOVID-19дун белгилери болуп, бирок анализи таза чыккан жарандар кошулган эмес. Өлкө бийлиги 1-августтан тарта мындай бейтаптарга «ковид типтүү пневмония» деген диагноз коюп, аларды өзүнчө эсептей баштаган. Ага ылайык, бул илдетке 50,4 миң киши кабылып, 684 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG