Ссылки доступа

Комил Алламжонов ЖМКларды ЛГБТ темасын чагылдырбоого үндөдү


Өзбекстандагы Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук фонддун камкордук кеңешинин башчысы Комил Алламжонов өлкөдөгү бардык ММКлар менен блогерлерди ЛГБТ темасын чагылдырууну токтотууга чакырды.

«Бул теманы дайыма чагылдыруу кишилердин сезимталдыгын мокотот. Эгер ушундай боло берсе, жагымсыз бул теманы норма катары кабыл ала баштайбыз. Чын-чынына келгенде биз мындай сөздөрдү укканда селт этип кетишибиз керек. Ачык дискуссия боло берсе коомдун айрым катмары (өзгөчө психикасы калыбына келе элек өспүрүмдөрдү) эрксизден бул темага кызыга баштайт. Натыйжада бул уятсыз көрүнүш билинбей коомдун аң-сезимине сиңип калат. Келгиле, акыл-эстүү болуп, чагымга алдырбайлы»– деп жазды ал «Телеграмдагы» каналына.

Комил Алламжонов чет өлкөлүк уюмдар Өзбекстанга же башка бир өлкөгө кандайдыр бир талап коердон мурун менталитетти, динди, маданиятты жана улуттук салт-санааны эске алышы керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, эгер Өзбекстан гомосексуализм үчүн жазаны жоюп таштаса, сотсуз жазалоо учурлары көбөйөт.

28-мартта Өзбекстандын Кылмыш кодексинен “Гомосексуализм” беренесин алып салууга чакырган блогер Миразиз Базаров сабалган.

Видео

Видео

Саясатты сатирага салган Самат
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00
XS
SM
MD
LG