Ссылки доступа

Душанбеде Москвага учуп кетүүнү каалагандар авиакассада узун кезекке турушту (видео)


Тажикстанда Душанбе-Москва-Душанбе багыты боюнча каттай турган учактардын графиги жана авиабилеттердин баасы жарыялангандан кийин Душанбеде ондогон жарандар "Шомансур" базарынан алыс эмес жердеги авиаккассада билет үчүн узун кезекке турушту.

"Озоди" радиосу кабарлагандай, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо максатында авиабилет үчүн кезекке тургандардын тизмесин өзүлөрү түзө башташты.

«Азия-Плюс» агенттиги Utair и "Сомон Эйр" компаниясынын өкүлдөрүнө таянуу менен авиабилеттер сатыкка али чыга элек экенин кабарлады. Бул компаниялар Москвага ырааттуу каттамдарды уюштурушат. Эки компания тең билеттин баасы бирдей – Душанбе-Москвага – $349, Москва-Душанбеге $143 болорун жарыялашкан.

Бул арада авиакассанын алдында чогулган айрым кишилер аларга билетти алда канча жогору баада сунуштап жатышканын билдиришти.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Азиз Набизода компанияларды билеттин баасын 450-500 доллардан ашырбоого чакырып жатканын айтты.

Орусияга ырааттуу каттамдар 3-апрелде башталат.

25-мартта Орусия бир нече өлкөлөр, анын ичинде Тажикстан менен аба каттамдары 1-апрелден тартып калыбына келерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG