Ссылки доступа

Фергана облусунун акими 1-апрелде Сох-Риштан жолу ачылаарын тастыктады


«Азаттыктын» өзбек кызматы Өзбекстандын Kun.uz агенттигине шилтеме берип Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Сох-Риштан жолу 1-апрелде ачыла турганын тастыктаганын жазды.

Акимдин айтымында 24-26-март күндөрү Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынган.

Буга чейин Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган эки чек ара өткөрмө бекеттери ачылганын билдирген. Алар - Кыргызстан тарабынан Өтүкчү жана Кайтпас чек ара бекеттери.

Сох-Риштан жолу 2013-жылы Сох анклавына жакын кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндег болгону 2 күнгө гана ачылып, кайрадан жабылган. Анын натыйжасында Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан чек ара өткөрмө бекети аркылуу бир топ жерди айланып өтүшчү.

"Эми Сох-Риштан жолу ачылса, анда бул жол аркылуу Фергана облусунун борборуна баруу 19 гана чакырымды түзүп, 61 чакырымга кыскарат" - деп жазат Өзбекстандын Kun. uz сайты.

Ошондой эле аким Фергана шаарынан Сох анклавына кичи автобустардын каттамын жүргүзүү мерчемделгенин билдирген. Хайрулло Бозоровдун айтымында, Сох-Риштан жолунун Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси Өзбекстандын эсебинен оңдоло турганы макулдашылган.

Кыргызстандын УКМК төрагасы, чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев бул жолдогу көпүрөдөн өтүүгө 20 жүргүнчүдөн ашпаган чакан автобустарга гана уруксат берилип, чоң жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG