Ссылки доступа

Абактагы саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады


Ал бул кадамы менен ага дарыгер киргизүүнү талап кылганы кабарланды.

Москвадан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Владимир облусундагы Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный мекеменин жетекчилигин мыйзамды аткарып, ага чакырылган дарыгерди киргизүү талабы менен ачкачылык кармаганы тууралуу билдирүүсүн анын адвокаттары жарыялашты. Билдирүү саясатчынын "Инстаграмдагы" баракчасына чыкты:

“Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок мага анысын да, мунусун да беришпей жатышат. Белимдин оорусу бутума өтүп кетти. Башында оң бутумдун, азыр эми сол бутумдун айрым жерлери сезгичтигин жоготту. Тамаша-тамашасы менен, бирок бул менин чыдамымды кетирди ”.

Оппозициячы ага медициналык жардамдын ордуна түрмө башчылыгы анын түн уйкусун алып жатканын кошумчалаган. Анткени саясатчы абак күзөтчүлөрү анын камерасына бир түндө сегиз жолу кирип, ойготуп жатышканын, анын азыр аба жайында ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG