Ссылки доступа

Нур-Султанда көп балалуу энелер митингге чыкты (видео)


Көп балалуу энелердин Нур-Султандагы акциясы. 22-февраль 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Көп балалуу энелердин Нур-Султандагы акциясы. 22-февраль 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

1-апрель күнү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында көп балалуу энелер митингге чыгышты.

«Биз, Казакстандагы ата-энелер союзунун мүчөлөрү, үй-бүлөлөрдүн корголушуна байланышкан жалпы маселелерге тынчсыздануубузду билдирип, президенттин, депутаттардын жана өкмөттүн атына резолюция жөнөтүп жатабыз», — деди Канагат Шуменова аттуу акция катышуучусу.

Резолюцияда көп балалуу энелерди турак жай менен камсыз кылуу жана эрезеге жете элек ар бир балага кошумча жөлөк пул төлөп берүү талаптары жазылган.

«Азыр өлкө экономикасы төмөндөп жатат. Пандемиядан улам адамдардын көбү жумушсуз калды, иштер жакшы жүрүшпөй жатат. Ошол эле маалда балдарды багуу керек. Ошондуктан резолюцияда бала төрөлгөндө бир жолу берилчү сүйүнчү пулду 1,5 миллион теңгеге көбөйтүү талабы да бар», — деди акциянын Мөлдир Сарсенбаева аттуу катышуучусу.

Көп балалуу энелер кол койгон документте эмдөөдөн баш тартуу жөнүндө да жазылган. Алар мындай чечимин балдардын саламаттыгы үчүн тобокелдиктер көп экендиги жана вакцинанын өндүрүүчүлөрүнө (Орусия жана Кытай) ишенбей тургандыктары менен түшүндүрүп жатышат.

Акция катышуучулары Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгиновдун кабыл алуусун талап кылышты. Бирок чогулгандар менен акимчиликтин ички саясат бөлүмүнүн башчысы Даурен Бабамуратов жолугуп, шаар бийлиги алардын талаптарын аткара албай турганын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө баш калаада турак жай алууну каалаган 48 миң көп балалуу үй-бүлө кезекте турат.

«Силерди аким бир нече жолу кабыл алган. Мындан тышкары райондордун акимдери, орун басарлары жана бөлүм башчылары да жолуккан. Дагы кабыл алсын десеңер алдын ала жазылгыла», — деди Бабамуратов.

Ал акция катышуучулары сунуштаган резолюция долбоорун кабыл алуудан баш тартып, аны электрондук түрдө президенттин администрациясына жөнөтүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG