Ссылки доступа

Москвада нааразылык акциясы учурунда кармалган тажик мигранттарынын көбү бошотулду


Укук коргоочу Иззат Амондун депортацияланышына каршы Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында өткөн нааразылык акциясы учурунда кармалган мигранттардын көбү айып пул төлөгөндөн кийин бошотулду.

Орусиялык «ОВД-инфо» уюмунун маалыматына караганда, калгандарына майда бейбаштык үчүн административдик иш ачылып, айып пул салынган. Көз карандысыз медиа-долбоор жалпысынан 100дөн ашуун киши кармалганын, 3-апрель күнү кечинде бир кишиден башкасы бошотулганын кабарлады.

«Озоди» өз булактарына таянуу менен кармалгандардын көбү 5 миң рублдан айып пул төлөшкөнүн жазды.

2-апрелде Тажикстандын 200дөй жараны укук коргоочу Иззат Амондун орус жарандыгынан ажыратылышы жана өлкөдөн чыгарылышына каршы элчиликтин алдында нааразылык өткөргөн. Полиция акцияга уруксат берилбегенин билдирип, ага катышкандарды кармап кеткен.

26-мартта Тажикстандын ИИМи Иззат Амон алдамчылыкка айыпталып жатканын, ага каршы кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Мекеме эртеси укук коргоочу «Орусияда жүрүү эрежесин бузганы жана бул өлкөнүн жарандыгын мыйзамсыз алганы үчүн» Москванын Тверь райондук сотунун чечими менен депортацияланып, Душанбеге келгенде камакка алынганын ырастаган.

25-мартта Иззат Амондун кесиптештери Москва полициясы аны үйүнөн алып кеткенин билдиришкен.

2000-жылдардан бери Москвада жашап жүргөн 48 жаштагы Иззат Амон бул шаардагы Эл аралык адвокаттар бюросунда иштеп, «Москвадагы тажиктер борбору» уюмун жетектейт. 2019-жылы хиджапка тыюу салууну сындап чыкканы үчүн Тажикстанда ага экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG