Ссылки доступа

Өзбекстандын атайын кызматы 2020-жылы төрт террордук актынын алдын алды


Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 2020-жылы төрт террордук актынын алдын алды.

УзА маалымат агенттиги атайын кызматка шилтеме жасап билдиргендей, терракттын экөө Өзбекстанда, дагы экөө КМШ мамлекеттеринде пландалган.

Бул арада 57 экстремисттик жана террордук уюмдун бети ачылган. Тыюу салынган уюмдарга катышы бар деп чет өлкөдө жашынып жүргөн 98 өзбекстандык мекенине алынып келинип жоопко тартылган.

Бир жыл ичинде 747 килограмм маңзат, 251 миң психотроптук таблетка, 594 даана курал-жарак, 4781 ок-дары жаа 24,4 килограмм жардыруучу зат алынган.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы коррупцияга байланыштуу 540 учур аныкталганын, мамлекеттик бюджетке 557 млрд сум (53,2 млн доллар) кайтарылганын кошумчалайт.

Мындан тышкары мыйзамсыз миграция жана адам соодалоого байланышы бар 102 кылмыштуу топтун бети ачылган.

Өзбекстанда 5-апрелде Мамлекеттик коопсуздук кызматтын күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG