Ссылки доступа

Садыр Жапаров памирлик кыргыздарды кышка чейин көчүрүп келүүгө ниеттенүүдө


Президент Садыр Жапаровбүгүн 4-апрелде Оштун Алай районундагы памирлик кыргыздардан кабар алды. Жапаров Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин тездетээрин белгиледи.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, памирлик кыргыздар менен баарлашууда Садыр Жапаров ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүү ниети жөнүндө айтты. Бул үчүн мамлекетте жетиштүү мүмкүнчүлүк бар экени кабарланды.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарты жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. (

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG