2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 255 028 адамдын коронавирус тести оң чыгып, 3 110 киши көз жумду. Дагы 702 адам «ковид типтүү пневмониядан» өлдү. Казакстанда 2020-жылдын 1-августтунан бери коронавирустук пневмониянын эсеби өзүнчө жүргүзүлө башталган. Расмий маалымат боюнча өлкө боюнча жалпысынан 50 832 адамдын өпкөсү кагынган.
Өлкөдө 1-февралдан тартып калкты жапырт эмдөө башталган. Соңку маалымат боюнча 174 269 адам вакцинанын кеминде бир дозасын алды.