Ссылки доступа

Алматынын башкы санитардык дарыгери карантиндик чектөөлөр натыйжа бербегенин билдирди


Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин соода жайлардын, коомдук транспорттун жана кызмат көрсөтүү тармактарынын ишине киргизилген буга чейинки чектөөлөр натыйжа бербегенин билдирди.

«Чектөөлөр киргизилгенине үч жума болсо да эпидемиологиялык абал жакшырган жок. Мындан улам иш күндөрү соода жана көңүл ачуу жайларынын ишине уруксат берилди. Натыйжа бербесе чектөөлөр алынышы керек. Азыр эпидемиологиялык баа берүүнүн эл аралык тажрыйбасын колдонуп, бардык иш-чараларга анализ жүргүзө баштадык», — деди Бекшин 5-апрелдеги бирифинг маалында.

Анын айтымында, дем алыш күндөрү коомдук транспорттун ишине киргизилген чектөөлөр да күтүлгөндөй жыйынтык бербегендиктен, алардын иши мурдагы калыбына келтирилди. Чектөөлөргө ылайык, ишемби жана жекшемби күндөрү автобустар, троллейбустар жана метро таңкы 6:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 22:00гө чейин гана иштеп келген.

Алматыда коронавирус жуктургандар кескин көбөйгөнүнө карабастан 3-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылган. Базарларга, соода жана көңүл ачуу жайларына бир катар эрежелерди сактоо менен иштөөгө уруксат берилген.

Мартта карантиндик чаралардын катаалдашы ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Алар мамлекеттен жумушчулардын маянасы жана ижара акысы үчүн күнүнө 2 миллиард теңгеден төлөп берүүнү талап кылышкан.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жекшемби күнү Алматыда коронавирус жуктурган 611 жаңы учур катталды.

XS
SM
MD
LG