Ссылки доступа

Шаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун абакта калтырды


Бишкек шаардык соту 6-апрелде активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын карап, аны 15-апрелге чейин абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу сот жараянында болгон активист Эрлан Бекчоро уулу “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, ушул тушта Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Кудайберген уулун колдогон парламент депутаты Рыскелди Момбеков, саясатчы Жеңиш Молдакматов баштаган жарандык активисттер сот имаратынын алдына чогулду. Алар активисттин бошотулушун талап кылып, “Тилекматка боштондук” деп кыйкырып турушту.

Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан. Кийин ал ачкачылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG