Ссылки доступа

Чек ара кызматы: Лейлектеги Булак-Башы айылында абал тынч


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык Баткендин Лейлек районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Майты аймагындагы 3 гектардай жердеги жазгы айдоо иштери токтотулганына нааразы болушкан.

Лейлек районунун жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун Жаббор-Расул районунун бийлиги менен 2021-жылдын 24-мартында аталган аймак бир тараптуу чечилгенге чейин эч кандай чарбалык иш жүргүзбөө боюнча чечим кабыл алынганын элге түшүндүрүүдө.

Чек ара кызматы Булак-Башы айылында ок атуу болбогонун билдирет. Учурда аталган аймактагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.

Видео

Видео

Төркүн менен кайын-журтту касташтырган өлүм
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG