Ссылки доступа

АКШнын мамлекеттик катчысы «Свобода» радиосун колдоду


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «чет элдик тыңчы» тууралуу мыйзамдын негизинде «Эркин Европа/Азаттык» (РСЕ/РС) радиосу медиакорпорациясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча Орусия бийлигинин аракетине тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелде Блинкен АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткарып жаткан Келу Чао менен жолугуп, демократиялык принциптерди сактоо жана алдыга жылдыруудагы эркин маалымат каражаттарынын ролун талкуулады.

«Роскомнадзор» мекемеси акыркы айларда Юстиция министрлиги «чет элдик тыңчылардын» тизмесине киргизген ЖМКлардын контентин маркалоого катаал талаптарды киргизди. Бул талаптарды аткаруудан баш тарткандарга ири өлчөмдө айып пул чегерилип, РСЕ/РС медиакорпорациясынын «Америка үнү», «Свобода» радиосу өңдүү орус тилдүү редакцияларынын сайттары бөгөттөлүшү мүмкүн. Мындай басымдын максаты — көз карандысыз кабарчылардын үнүн басуу», — деп жазылган Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Роскомнадзор мекемеси РСЕ/РС «чет элдик тыңчы» тууралуу мыйзамды 390 жолу бузду деген жүйө менен медиакорпорацияга дээрлик 1 миллион доллар өлчөмүндө айып пул салган. РСЕ/РС бул чечимдерди Орусиянын Конституциясын, ЖМКлар тууралуу мыйзамын жана медиа чөйрөдөгү атаандаштык эрежелерин бузуу деп эсептеп, сотко кайрылган. Бүгүнкү күнгө карата Москванын Тверь райондук соту уюмдун 72 арызын карап, өтүнүчтү канааттандырган жок.

XS
SM
MD
LG