Ссылки доступа

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедов атындагы кайрымдуулук фонд түзүлдү


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстанда камкордукка муктаж балдарга жардам көрсөтүүгө багытталган Гурбангулы Бердымухамедов атындагы кайрымдуулук фонд түзүлдү. Тиешелүү токтомго мамлекет башчысы быйыл 29-мартта кол койгон.

Өлкөнүн мамлекеттик басылмалары «өсүп келе жаткан муунду социалдык жактан колдоо, саламаттыгын калыбына келтирүүгө көмөктөшүү жана алардын бактылуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү» максатында түзүлгөн фондго президент Гурбангулы Бердымухамедов бир айлык маянасынын жарымын которгонун жазышты.

Өлкө бийлиги мамлекет башчы балдарга камкордук көрүп жатканын пропагандалап келет. Баш калаа Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедовдун колдоосундагы Балдар үйү бар. Жыл сайын аталган мекеменин тарбиялануучуларына салтанаттуу түрдө президенттин атынан белектер тапшырылат.

Ошол эле маалда сөз эркиндиги чектелген бул өлкөдө жарандар, анын ичинде балдар да айыл чарба иштерине, көчө шыпырууга жана массалык иш-чараларга катышууга мажбурланып келет.

XS
SM
MD
LG