Ссылки доступа

Тажикстанда үй-бүлөлүү келиндин туугандары анын "көңүлдөшүн" сотсуз жазалашты


Бахтиёр Холов
Бахтиёр Холов

Согд облусуна караштуу Пенжикент шаарында үй-бүлөлүү келиндин туугандары анын 22 жаштагы "көңүлдөшүн" сабап өлтүрүшкөнү белгилүү болду.

Окуя быйыл февралдын аягында болгон, бул иш боюнча бир киши кармалган.

Маркум Бахтиёр Холовдун атасы Садриддин Холовдун айтымында, уулу үч күн ооруканада жатып, эсине келбей көз жумган.

«Мага 28-февралда чалышып, баламды алардын үйүнөн алып кетүүнү айтышты. Чуркап келсем, Бахтиёр эс-учун жоготкон абалда жатыптыр. Ал жерде бир нече эркек жана аял болгон. Мага да кол салууга аракет кылышты», - деди Садриддин Холов.

Пенжикент районунун милициясы бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок иликтөө азыркыга чейин уланууда.

7-апрелде «Озоди» радиосунун райондук милициядагы өз булагы билдиргендей, бул факты боюнча бир киши – келиндин атасы кармалган, ага кылмыш иши козголгон.

Маркум жигиттин туугандары укук коргоо органдарын бул ишти кылдат тергеп, кылмышка шектүү башка адамдарды да жоопко тартууга чакырууда.

Маалыматтарга караганда, келиндин күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Ал баласы менен кайната-кайненесинин үйүндө жашаган. Кайын-журту келин телефон аркылуу башка бирөө менен сүйлөшүп жүргөнүн байкап калган соң шектүү жигитти жана кудаларын үйгө чакырып, аны чогуу жазалашкан.

XS
SM
MD
LG