Ссылки доступа

Египетте 3 миң жыл мурун кум алдында калган «алтын шаар» табылды


Египеттин Луксор калаасынан алыс эмес жерде археологдор 3000 жыл мурун кум алдында калган "алтын шаарды" табышты. Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси, тарыхчы Захи Хавасс билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, бул Египетте табылган эң чоң шаарлардын бири. Аны өлкөнү биздин заманга чейин 1391-1353-жылдары башкарган фараон Аменхотеп III негиздеген.

Шаардын көчөлөрүндө дубалдары үч метрге чейин жеткен үйлөр сакталып калган. Археологдор шаардын кайсы учурга таандык экенин шараптын идиштериндеги жазуулардан жана чийки кирпичтердеги Аменхотеп IIIтүн мөөрүнөн улам аныкташкан. Табылгалар арасында тамак-аш сактоочу идиштер жана инструменттер да бар. Шаардын түндүгүнөн көрүстөн табылган.

Казуу иштери 2020-жылы сентябрда башталган. Экспедиция Тутанхамондун сөөгү коюлган храмды табууну пландаган. Бир нече аптадан кийин археологдор чийки кирпичтен тургузулган курулуштарды, андан соң шаарды табышкан.

XS
SM
MD
LG