Анын айтымында, «Кремль маалымат алуу мүмкүндүгүн чектөөгө аракет жасап жаткан маалда корпорация Орусиядагы кеңири аудиториясына объективдүү жаңылыктарды жеткиргени үчүн орус бийлигинин басым бутасына айланды».
ЭЕ/АҮ президенти корпорация журналисттик көз карандысыздыкка жасалган чабуулга каршы күрөшө турганын билдирди.
Бейшембиде Роскомнадзор «чет элдик агент» мыйзамынын бузулушу боюнча «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» орус кызматына дагы 130 протокол түзө турганы белгилүү болду. Протокол түзүү 16-апрелде башталат. Медиакорпорацияга карата айып пулдардын жалпы көлөмү 2,3 млн долларга жетиши мүмкүн.
«Роскомнадзор» мекемеси акыркы айларда «чет элдик агент» мыйзамынын катаал чектөөлөрүн сактаган жок деген доо менен «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын орус тилдүү кызматына 1 миллион долларга жакын айып пул салган. Мекеме бул медиа кызмат 400гө жакын мыйзам бузуу учурларына жол берди деп санайт.
Орусияда ЭЕ/АҮ медиасынын популярдуулугу артууда: 2021-жылдан бери «Свобода» радиосунун сайты айына 15 миллион жолу көрүлүүдө.