Ссылки доступа

Путин: Мигранттардын балдары жергиликтүү мектептердин билим деңгээлине терс таасирин тийгизүүдө (видео)


Орусия президенти мектептерде мигранттарын балдарынын саны көбөйүп жатканына тынчсызданып, алардын санын кыскартууга чакырды.

Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн Владимир Путин мигранттардын балдары жергиликтүү мектептердеги билим деңгээлине терс таасирин тийгизип, улут аралык ажырымдын жаралышына себеп болуп жатканын айтты.

«Биздин мектептерде мигрант балдар орус тил чөйрөсүнө формалдуу эмес чындап эле көнгөндөй санда болушу керек. Тил эле эмес, маданиятка, деги эле орус баалуулуктарына сүңгүп кирип кеткендей болушу зарыл», —​ деди Орусия президенти.

Путин АКШ жана Европадагы бир катар өлкөлөрдөгү абалды мисал келтирди. Анын айтымында, айрым батыш өлкөлөрүндөгү мектептерде мигрант балдардын саны өтө көп болуп кеткендиктен, жергиликтүү жашоочулар балдарын ал окуу жайлардан алып кетишүүдө.

Владимир Путин мектептердеги мигрант балдарын санын катуу көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

«Чоң кишилерге түшүнүктүү деп ойлойм. Ал жакта 100 пайыз мигранттардын балдарынан турган мектептер пайда болууда. Бул чоң көйгөй. Биз Орусияда мындай тажырыйбага эч качан жол бербешибиз керек !» — деди Путин.

Бул арада Орусия Агартуу министрлигинин аткаминерлери ар бир класста мигрант балдардын санын 10-20 пайыздан ашырбоого чакырышты.

«Жарандык жардам» комитети Владимир Путиндин билдирүүсү менен агартуу министрлигинин эрежелерине талдоо жүргүзүп, бул көптөгөн мигранттардын балдарынын билим алуусуна чекит коерун белгилейт.

XS
SM
MD
LG