Ссылки доступа

Казакстанда коррупцияга айыпталган Жогорку соттун судьясы камалды


Мейрам Жангуттинов
Мейрам Жангуттинов

Нур-Султан шаарынын адистештирилген соту Казакстан Жогорку сотунун судьясын эки айга камоо боюнча санкция берди. 63 жаштагы Мейрам Жангуттинов 11-февралда пара алып жаткан учурда кармалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Жангуттинов Түркстан облусунун райондук судьясын башка жумушка которуу үчүн акча алган. «Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, ал да камалды.

Баш коргоо чарасы аныкталганга чейин судья кайда болгону айтылган жок. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев пара алууну кыжыр кайнаткан көрүнүш катары сыпаттаган. Судья февралда кармалганы менен анын ыйгарым укуктары былтыр декабрда эле аяктаганы белгилүү болду.

Жангуттинов 2011-жылы коррупцияга айыпталган саламаттык сактоо министри Жаксылы Доскалиевдин ишин караган. Ал жети жылга кесилип, бирок жети айдан кийин ал кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин ырайымы менен бошонуп чыккан.

XS
SM
MD
LG