Ссылки доступа

Тажикстанда үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин аял үч баласы менен асынып өлдү


Тажикстандын Согди облусуна караштуу Пенжикент районунун Некнот айлынын жашоочулары 10-апрелде аймактагы көлдүн жээгинде бактарга асылган үч бала менен бир аялдын сөөгүн табышты.

Айыл тургундарынын айтымында, бул 32 жаштагы Шахло Шарипова жана анын үч баласы – 6 жашар Мухаммаджон, 4 жашар Шахноза жана сегиз айлык Амина болгон.

“Озоди” менен маектешкен тургундун билдиришинче, аял алгач балдарын асып, андан соң өз өмүрүнө кол салган болушу ыктымал.

ИИМ тараткан билдирүүдө аял үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин балдарын алма бакка жоолук менен асып таштаганы, андан соң өзү да асынып өлгөнү айтылат.

Соттук-медициналык экспертиза үчүн сөөктөр Пенжикент шаарына жеткирилди.

Окуя болгон жер маркумдардын үйүнөн 300 метр алыс жайгашкан. Өткөн аптада Шахло Шарипова күйөөсү Лазиз Жураев жана баласы менен ал жерге 300 бак тиккен.

Жергиликтүү тургундар буга чейин бул үй-бүлөдөн кандайдыр бир кыйноо, чыр-чатак байкашкан эмес.

XS
SM
MD
LG