Ссылки доступа

Иликтөө: Рахмондун кызы Тажикстандан Орусияга авиабилеттердин сатылышын көзөмөлдөйт (видео)


Дочь Рахмона контролирует продажи билетов на рейсы из Таджикистана в Россию
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Тажикстандан Орусияга ырааттуу каттамдар ачылганы менен миңдеген эмгек мигранттары менен студенттер үчүн авиабилеттерди сатып алуу кыйынга турууда. Авиация агенттиги билеттер 500 доллардан жогору болбой турганын убадалаганы менен кассаларда ал 1200 доллардан сатылууда.

Орусияга ырааттуу каттамдар үчүн билеттерди сатууга бир гана жеке компания – «Аба байланыш агенттиги» укук алган. Билеттерди авиакомпаниялар да түз сата алышпайт. «Аба байланыш агенттигинин» Душанбе боюнча бир гана кассасы бар. Ушул тапта күн сайын ал жерде миңдеген кишилер топтолууда. Көбү аймактардан келишкен жана таң эрте билет аразан болор деген үмүт менен имараттын алдында машинелеринде түнөшүүдө.

Авиабилеты из Таджикистана в Россию стоят $1000, втрое дороже, чем обещали власти
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

«Озодинин» ачык булактардагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, «Аба байланыш агенттиги» ачык акционердик компаниясы президент Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Тахмина Рахмоновага таандык. Тажикстандын Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү агенттигинин тизмесине караганда, Тахминанын күйөөсү Зарифбек Давлатов дагы 2013-жылдан бери компанияда чоң кызматты аркалайт.

Компаниянын уставдык капиталы 200 миң доллар.

Оппозицияга таандык «Пайём» интернет басылмасы Зарифбек Давлатов Тажикстанда авиабилеттерди сатуу рыногун толугу менен монополиялап алганын жазган.

Зарифбек Давлатовдун ысымы былтыр жарык көргөн чуулгандуу «Панама архивдери» докменттеринде да бар. Президенттин күйөө баласы «Пекриж Глобал Лимитед» офшордук компаниясына ээлик кылганы, ал Виргин аралдарында 2012-жылы каттоодон өткөнү жана банкротко учураганы жазылган.

Он жыл мурун эксперттер тобу Тахмина Рахмонованы Тажикстандагы таасирдүү жыйырма кишинин арасына кошкон.

Тажикстанды дээрлик отуз жылдан бери башкарып келе жаткан Рахмон үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат таратууга айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG