Ссылки доступа

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында соода-экономикалык борбордун курулушу башталды


10-апрелде Өзбекстан менен Казакстандын чек арасында (Гишткуприк - Жибек Жоли) «Борбор Азия» аталышындагы эл аралык соода-экономикалык борбордун пайдубалын түптөө аземи өттү.

Расмий маалыматтарга караганда, иш-чарага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышты.

Эл аралык соода-экономикалык борбордун жалпы аянты 400 гектарды түзөт, суткасына 35 миң киши жана 5 миң жүк ташуучу автоунааны өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Тараптар бул долбоор өз ара кирешелүү гана эмес, аймактагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүнө кошумча дем берерин билдиришүүдө.

Азем учурунда Аскер Мамин Казакстан менен Өзбекстандын акаминерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү жылына 10 миллиард долларга көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG