Ссылки доступа

Өзбекстан чет өлкөдө акчасыз калган жарандарына насыя иретинде жардам бере баштайт


Өзбекстан өкмөтү чет өлкөдө жашоого акчасы жок жарандарына убактылуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

12-апрелде кабыл алынган жобого ылайык, чет жерде убактылуу жүргөн жана материалдык жактан колдоого муктаж өзбекстандык жарандар каржылай көмөк үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылышса болот.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр эки жумушчу күндүн ичинде жарандын арызын жана башка документтерин кабыл алып, чет өлкөдө жүрүү шартын текшерип, документтерди тышкы иштер министрлигине жөнөтөт.

Мындан соң ТИМ бир күндүн ичинде материалдык жардам берүү же баш тартуу жөнүндө бүтүм чыгарат. Дипломатиялык өкүлчүлүк арызы канааттандырылган жаран менен насыя келишимин түзөт. Тамак-аш, жашаган жер, кийим-кече жана транспорт акысын төлөп берет.

Өкмөттөн жардам алган киши аны республикалык бюджетке 30 күндүн ичинде кайтарышы зарыл.

XS
SM
MD
LG